Кыргыз улуттук спортунун түрлөрү

Кыргыз улуттук спортунун түрлөрү — бирдиктүү республикалык спорттук кпассификациясы жана ойноо, мелдеш эрежелери иштелип чыккан спорттун 10 түрү (ат чабыш, ордо, тогуз коргоол, тыйын эңмей, улак тартыш, упай, жорго салыш, күрөш, кыз куумай, оодарыш). Кыргыз улуттук спортунун түрлөрү боюнча мелдештердин эрежелери, бирдиктүү республикалык классификациясы жөнүндөгү жобосу, разряддарды жана наамдарды ыйгаруу тартиби 1993-жылы иштелип чыккан. Аны Кыргыз Республикасынын спорт федерациялары жактырып, Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитети бекиткен. Кыргыз улуттук спортунун түрлөрү боюнча ар кандай спорттук даражалар ыйгарылып, беш түрүндө «спорт чебери» деген наам берилет. Мелдеш эрежелери улам толукталып, такталат. Айрым оюндар чыгарылып, айрымдары кошулат. Алсак, 1972—80-жылдардын аралыгы үчүн бекитилген спорттук классификацияда «Жамбы атмай» болсо, азыр анын ордуна «Упай» киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү