Кыргыз улуттук өзүнчө атчандар дивизиону

Кыргыз улуттук өзүнчө атчандар дивизиону — Орто Азиядагы Совет бийлигин басмачылардан коргоо үчүн уюшулган атайы аскер күчү. Ал адегенде эскадрон катары Пишпек шаарында 1925-жылы түзүлүп, негизинен ыктыярдуу кыргыз жаштары кабыл алынгандыгына байланыштуу ага улуттук деген наам берилген. Орто Азия аскер округунун чечими менен 1927-жылы кыргыз улуттук атчандар полку болуп кайрадан түзүлгөн. Дивизиондо А. Алиев, А. Рысбаев, К. Качыкеев, К. Курабаев ж. б. партиялык жана советтик кызматкерлер кызмат өтөп, алар Ак-Сай, Арпа, Талас, Чаткал, Алай өрөөндөрүндөгү басмачыларды талкалоого катышкан. Полк 1937-жылы таркатылып, башка аймактагы атчандар дивизиясы менен бириктирилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү