Кыргыз философиясы — дүйнөлүк философиянын бир бөлүгү. Анын генезиси байыркы доордо өнүгө баштап, кыргыздардын дүйнөгө болгон көз карашы, мифтери, мусулман динине чейинки ишеним жана эмпирикалык билимдери аркылуу калыптанган. Байыркы кыргыздардын табиятка жакындыгы, жаратылышка өтө көз карандылыгы жана өндүрүштүн негизги ыкмасынын өзгөрүшүндөгү начар динамика алардын ой жүгүртүүлөрүндөгү рационалдык тенденциялардын пайда болушун шарттаган. Бул тенденциялардын негизги өзгөчөлүгү биздин ата-бабаларыбыз стихиялуу түрдө таанып-билген сырткы дүйнөгө карата туюм-сезимдик мамилеси болуп эсептелет. Орто кылымдагы кыргыздардын социалдык-философиялык ойлору Жусуп Баласагуни, Махмуд Кашгари, Асан Кайгы, Толубай сынчы жана Санчы сынчынын мурастарында, элдик оозеки чыгармачылыкта ачык туюнтулган. Кыргыз эли эпос, дастан, ыр, жомок, макал-лакаптарга ж. б. бай, көпчүлүгү философиялык идеяларга сугарылган. Жусуп Баласагуни менен Махмуд Кашгаринин дүйнөгө болгон көз карашы 11-кылымдын маданий жетишкендиктеринин синтези болуп эсептелген. Ал ошол тарыхый мезгилдин күчтүү жана начар жактарын салыштырып көрсөткөн. Кыргыз элинин фольклордук чыгармалары жыйынтыгында элдин өзүн-өзү таануусун туюнткан дүйнө кабылдоонун реалисттик тенденциясы, процесстер тууралуу диалектикалык божомолдордун элементтери, дүйнөнү таанып-билүү мүмкүнчүлүктөрүнө болгон стихиялуу ишенимдер, позитивдүү гносеологиялык жалпылоолор, жалпы философиялык, этикалык жана эстетикалык түшүнүктөрдүн калыптанышы чагылдырылган. Асан Кайгы, Толубай сынчы жана Санчы сынчынын мурастарында иррационалдык багыттагы идеялар менен катар ойчулдарды табият жана коомдук процесстердин мыйзам ченемдүүлүгүн түшүнүүгө жакындаткан идеялар сакталган. Алардын моралынын негизги принциби кең пейилдүүлүк жана марттык болуп эсептелет. Асан Кайгы, Толубай сынчы жана Санчы сынчынын социалдык-философиялык ойлорунда болмуш, адамдын жашоо проблемалары белгилүү деңгээлде акылмандуулук, эмпирикалык тажрыйбага негизделген жөндөмдүүлүк жана шыктуулук аркылуу каралат. Алар өздөрүнүн социалдык-философиялык жалпылоолорунда идеялардан жашоо-турмуштун кубулуштарына карай эмес, реалдуу чыныгы дүйнө аркылуу ой жүгүртүүгө аракет кылышкан. 19-кылымдын аягы — 20-кылымдын башында социалдык-философиялык ойлор андан ары өнүгүп, бул мезгил Калыгул, Арстанбек, Молдо Нияз, Нурмолдо, Жеңижок, Токтогул, Тоголок Молдо, Барпы өңдүү өз мезгилинин прогрессивдүү өкүлдөрүнүн ысымдары менен байланышкан. Алардын реалисттик көз карашы кыргыз элинин социалдык-философиялык ойлорунун өнүгүүсүндөгү жаңы баскыч болгон. Калыгул, Арстанбек жана Молдо Кылычтар дүйнөнү кабылдоодо, айрыкча адеп-ахлактык көз караштарында реалдуу-тарыхый түшүнүктөр менен кошо диний-мистикалык элементтер айкалышып кеткен, бирок басымдуулук кылбайт. Ойчулдар жалпысынан кыргыз элинин күндөлүк турмушунун реалдуу көрүнүшүн, жашоо-тиричилигин, өз доорунун адамдарынын дүйнө кабылдоолорундагы жана өз ара мамилелериндеги өзгөрүүлөрдү туура чагылдырышкан. Алардын чыгармачылыгында конкреттүү табият кубулуштары, көрүнүштөрү нерселер, жеке адам жана көп кырдуу окуялар реалисттик өңүттөн каралат. Ойчулдар өткөндүн жакшы жактарын эстөө менен адамдарды өздөрүнүн учурдагы абалын түшүнүүгө жана анын кемчилдиктерин оңдоого чакырышкан. Фундаменталдуу билимдердин жоктугуна карабай Молдо Нияз, Нурмолдо, Жеңижок, Токтогул, Тоголок Молдо жана Барпынын көз караштарында көп жактуулук, кызыкчылыктардын (таламдардын) универсалдуулугу мүнөздүү. Ойчул-акындардын көз карашында позитивдүү идеялар менен чыныгы дүйнөгө рационалдык ой жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү так жана даана көрсөтүлөт. Алар адамдын инсан катары калыптанышын жана анын моралдык сапаттарын аныктоочу материалдык шарттарды ачып берүүгө аракет жасашкан. Кыргызстанда философия илимине профессионалдык мамиле жасоо 20-кылымдын 50-жылдарынын аягынан башталган. Азыркы күндө өлкөбүздө философия илиминин тармактары ар тараптуу өнүгүүгө ээ болду. Буга А. Алтымышбаев, Б. Аманалиев, А. Салиев, А. Нарынбаев, А. Какеев, Т. Аскаров, А. Карыпкулов, А. Брудный, Т. Абдылдаев, Р. Ачылова, К. Исаев, А. Исмаилов, О. Тогусаков, Ш. Акмолдоева, Ы. Мукасов, М. Жумагулов, А. Бекбоев, Ж. Бөкөшов, Ж. Урманбетова, А. Элебаева, М. Артыкбаев, Ш. Ниязалиев, К. Ажыбекова ж. б. окумуштуулардын илимий эмгектери ачык күбө болот. Аларда философиянын урунттуу теориялык маселелери терең жана ар тараптуу изилденген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү