Кыргыз элинин улуттук күүлөрү Кыргыз күүлөрү – элдин маданиятын, дүйнөгө көз карашын, турмуш тиричилигин, тарыхын, элдик жана эстетикалык идеяларын чагылдыруучу баа жеткис мурас. Анын тамыры байыркы замандан башталат. Кыргыз күүлөрү жөнүндөгү алгачкы жазма бир катар адабияттарда кездешет. Биздин заманга чейин 630 – жылы кытай саякатчысы Сюань – Цзянь азыркы кыргыз жеринде болуп, жергиликтүү эл жөнүндө: мени тосуп алууга арналган той кулакка жагымдуу, жүрөк менен көңүлдү эргиткен лирикалык күү менен башталды деп белгилеген. Бирок ушул убакка чейин байыркы кыргыз күү өнөрү тууралуу кабарлаган буюм, маданият эстеликтери табыла элек. Революцияга чейин кыргыз элинин күүлөрү фольклору кагаз бетине түшүрүлбөгөндүктөн, искусствонун бул тармагын тарыхый мезгилге бөлүү (мис., орус фольклор таануу илиминдегидей) өтө кыйын. Кыргыз эл музыкасы түрк элдеринин, айрыкча казак, хакас, түркмөндөрдүн музыкасына жакын. Башка чыгыш элдеринин музыкасынан айырмасы (мис., өзбек эл музыкасынан) элдик жана элдик – профессионал искусство болуп бөлүнгөн. Жанрдык жагынан жалпыга жеткиликтүү, бир өңчөй келип, стилистикасы боюнча көп катмардуу эмес.

Революцияга чейин (мис., тажиктер сыяктуу) кыргыздарда өзүнчө музыка теориясы, улуттук музыкалык – поетикалык өнөр жөнүндө илим, тажик элиникиндей музыкант – окумуштуулар болгон эмес. Негизинен чыгарма жекече аткарылып, көп үн менен ырдоо жана күүнү ансамбль менен аткаруу салтка айланбаган. Кыргыздарда айтышуу ыкмасында аткаруу кеңири тараган. Ыр бир үн менен аткарылып, аспаптык музыкада комуздун үч жана кыл кыяктын эки кылынын жардамы эки – үч добуштуу үндөштүк жаралган. Фольклор оозеки түрдө гана жашап, ал эми эл музыканы жаттап алуу жолу менен бири биринен үйрөнүшкөн. Ошондуктан тигил же бул музыкалак чыгарманы аткарган адам аткаруучу гана эмес ошол күүнүн жаңы вариантын жаратуучу да болуп калган. Ыр – күүлөрдүн мындайча таралышы элдин музыкалык аң – сезиминин өзгөчө бир түрдө калыптанышынын жана музыкалык речтин эркин импровизация ыкмасын шарттаган. Ал эми импровизациялуулук болсо музыкалык материалды берүүнүн мүнөзүн аныктаган. Ошентип, ал теманы өнүктүрүүнүн кайталоо – вариациялык тиби деген атка ээ болду. Кыргыз эл музыкасы обону, ладдык жана метроритмдик касиеттери жагынан европа музыкасына жакын келип, мажордук ыңгайдагы ладдар өзгөчө кеңири тараган.

Комуз күүсү-кыргыз музыкасынын жаралышы түзөтүү

 
Комуз

Комуз – элдеги эң көрүнүкүтүү жана сүйкүмдүү музыкалык аспаптардын бири болуп келген. Илгерки замандарда комуз үнү ар бир кыргыздын боз үйүндө жаңырып турчу, ал эми ХХ к. ал чоң концерттик сахнага чыккан. Комуздун жардамы менен аткарылуучу күү озунун маанисинин байлыгы, жанрдык – тематикалык жана ритмдик өзгөчөлүгү менен укан көргөндөрдү кызыктырат. Ал гана эмес, бул комуз кылынан чыккан кереметүү, таңшандыруучу үн изилдөөчүлөргө да абдан кызыктуу. Комуз күүсү өзүнүн  чертилишинин ыгы, ылдамдыгы, сол колунун жайгашкандыгына жана  аспаптын толгонушуна, оң колдун жардамы менен комуз кылдарынан үндүн чыгарышы боюнча башкача айтканда ойноо ыгына жана анын көркөм, терең маанисинин көптүгүнө жараша обон күүлөр, айтым күүлөр жана залкар күүлөр деп үч негизги топко бөлүнөт.

Обон күүлөрдүн негизинде өзүнүн аталышынан эле көрүнгөндөй эле элдик ырлардын обондору жатат. Алар өзүлөрүнүн көлөмү, формасы жана ойноо ыкмалары боюнча айырмаланат. Өзүнүн маани маңызына жараша алар эпикалык, лирикалык, трагедиялык, жашоо-турмуштук, патриоттук жана башка болуп бөлүнөт.

Өзүнүн формасы боюнча аспаптык миниатюра болгон, эпикалык күүлөр элде көбүрөөк таралган. Мында кыргыз музыкасыны эпоско болгон тартылуусу, сүйүүсү көрнөт. Албетте, манасчылардын өнөрү аспаптык жанрдын калыптанышына чоң түрткү болду. Комузчулар белгилүү эпикалык жана тарыхый ырлардын чертилишинде сюжетти, обонду өздөштүрүп, өркүндөтүп отуруп, жаңы «аспаптык эпостун» жаратуучулары болуп калышчу. Ал өзүнүн алгачкы абалынан чертилиши менен гана айырмаланбастан, анын эпостук каармандардын өз көзү менен сүрөттөлүшүнүн көлөмдүгү менен айырмаланат. Кыргыз комуз музыкасында эпос жана дастандын башкы каарманынын атын алган көптөгөн чыгармалар бар. Алардын ичинде: «Мендирман», «Солтон Сары», «Жаныш-Байыш», «Сарынжи-Бөкөй», «Курманбек», «Каныкейдин арманы», «Гүлкаакы», «Ак Бакай», «Кетбука».

Ырдык жанрдагы жашоо-турмуштук жана лирикалык маанидеги күү миниатюралар да кездешет. Көбүнчө махабатты, сулуулукту мактап, ырдаган чыгармалар айымдардан образдары жана аттары менен байланышкан. Мисалы: «Налима», «Батмакан», «Мистекан», «Сайракан» ж.б.

Көптөгөн лирикалык комуздук миниатюралар жашоо-турмуштун кырдаалдары жана табияттын образдары менен тыгыз байланышып, чырмалышкан. Айтым күүлөр – өзгөчө жана бай жанрдуу кыргыз музыкасынын тобунун бири. Бул топтун чыгармалары өзүнүн мазмууну жана өтө мыкты, кол ойнотуп чертүүсү менен айырмаланат. Күүлөргө чертилүүнүн темпераменттүүлүгү, комузчунун көркөм кыймыл аракеттери жана анын аспапты колдоно билүүсү таандык. Кээде комуз күүсү аткаруучунун түшүндүрмөсү, эпизоддук ырлар менен коштолот. Мисалы бул топко: «Көйрөң күү», «Ак тамак, көк тамак», «Армандуу чымчык», Осмон жана Субан», «Сары барпы», «Ак куу».

Залкар күүлөр өз өнүгүүсүн улуу комузчулардын салттык багыттагы өнөрүнөн алган. Бул топко кирүүчү күүлөрдүн түрлөрү: «Камбаркан», «Ботой», «Шыңгырама», «Кербез». Алар илгерки убакыта эле пайда болушуп, жайылы таркалган. Комузчулар иш жүзүндө күүнү жаратуучусу жана  анын аткарып, өз өнөрүнүн таратуучусу, атагын чыгаруучусу да болушат. Чыгармалар бир муундан экинчи муунга оозеки түрдө берилүүсүнүн натыйжасында аталышы бирдей бирок чертилиши айырмаланган б.а. варианттары пайда болгон.

«Күү башы камбаркан», - дегендей, Камбаркан эң илгерки күү болуп эсептелет. Комузчулардын өнөрүнүн өнүгүшүнүн натыйжасында, ал ар кандай аттардын астында аткарылган. «Камбаркан» ушунча элге таралгандыктан өзүн сыйлаган комузчу өзүн программасына бир же экини кошчу. Мисалы К. Орозов төрт «камбарканды» чертчү: «Эл камбаркан», «Терме камбаркан», «Колхоз камбаркан», «Сынган бугу камбаркан», ал эми М. Куренкеев «Күрөнкөйдүн камбарканын» аткарчу, А. Огонбаев болсо «Маш камбарканды» жана «Кирки камбарканды» аткарчу, А. Ошуров «Казак камбарканын», А. Тыныбеков «Алга бас, камбарканды», Б. Осмонов «Малчылар Камбарканын» жараткан. «Камбаркандын» негизги белгилери – анын жай ойнолушу, бош толгоосу, моюн күүсүнүн өзгөчөлүктөрү, обондун терең философиялык мааниси болуп эсептелет. Ботойлор кыргыздардын аң-сезиминде ажырагыс эне менен баланын образы менен байланыштуу болот. Изилдөөлөр көрсөткөндөй ботойлор маани-маңызы боюнча ич-ара бири-биринен айырмаланышат. Мисалы кээ бири салыштырмалуу жай, жөнөкөй болот буга «Тилендини ботою», бешик ыры «Муратаалынын ботою», мүнөзү боюнча назик «Токтогулдун ботою», «Чоң ботой» дегендер кирет.

Ал эми башкалар абдан шаңдуу, ылдам, бат аткарылуучу «Муратаалынын Кичине ботою», «Айдайдын ботою», «Бокотөйдүн ботою», «Жумалак ботой», «Чаржайыт ботой», К. Орозовдун «Чоң ботою», Т. Сатылгановдун «Ботою» ж.б. Кербез жанры кишинин мүнөзүн музыкада чагылдыруу аракетинде пайда болду десек болот. ХIХ – ХХ к. башында Т. Сатылгановдун жана башка элдик акын, комузчулардын чыгармачылыгында өзгөчө социалдык – саясий багыт алган. Мындан твышкары дагы Толгоо жана кайрыктар болот бир анын көлөмдүүлүгүнүн натыйжасында изилдөөчүлөр булардын үстүндө иштөөдө.

Улуу Комузчулар түзөтүү

Кыргызстанда бир нече регионалдык аткаруу мектептери калыптанды, ар бири өзүнүн стилдик өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. ХХ к. алар өздөрүнүн алдыңкы адамдары катары көрүнүктүү комузчуларды табышкан. Мисалы: Ыссыккөлдүн мектебинен Арстанбек, Муратаалы Куренкеев, Карамаолдо,Ниязалы Орозовтор болгон алар өздөрүнүн чыгармаларында терең философиясы жана өзгөчө стили менен айырмаланат, Ош мектебинин алдыңкы комузчулары өздөрүнүн илгерки, архаикалык аткаруу салттарын бекем сактап кала алышкан. Бул мектептин көрүнүктүү  Адамы болуп Ниязалы чыгат. Талас мектебинин аткаруучулары Токтогул, Атай мыкты чертүү шыгына, таң калтыраарлык оюнга жакын. Ал эми Нарын мектеби бардык мектептердин өнөрүнө шыктуу( Майлыбай, Кудайберген, Муса).

Ал эми төмөндө болсо ХVII – XIX к. көрүнүктүү ишмерлердин чыгармачылыгы Кыргыз күүлөрүнүн маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым болуп эсептелген инсандардын аттарын атап өтсөм: М. Жаманкараев, К. Белеков, А. Бейшукуров, Н. Борошев, Т. Сатылганов, К. Орозов, Ы. Туманов, А. Огонбаев, Ш. Шеркулов, Н. Абдрахманов.Ч.Исабаев С.Тохтакунова жана азыркы кеде комуз күүсүнүн өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан комузчуларыбыз Р.Аманова, М.Бердибекова. Н.Абдырахманов.

Музыкалык аспаптарды төмөнкү топторго бөлүүгө болот: түзөтүү

Yч кылдын бүтпөс сырлары
Улуттук музыкалык аспаптар жана үч кыл комуз
Доолбас үнү бапылдап,
Кернай үнү такылдап,
Жезнай үнү чакылдап,
Чылмыр согуп шакылдап,
Доол уруп дүңгүрөп,
Сыбызгы үнү тызылдап,
Дап согулуп дапылдап,
Тойго какчу нагыра…
("Манастан").

Жогоруда "Манас" дастанында айтылгандай, байыртадан эле элдик музыкалык аспаптардан оркестрлер тобу түзүлүп, жер дүңгүрөткөн добуш менен душмандын сесин алууну көздөшчү тура. Байыркы аспаптар жердигинде сынбас, бүлүнбөс материалдардан жасалып, көчмөн жоокерчилик турмушка ылайыкташтырылган. Мисалы: уйдун, төөнүн терисинен катырган шириден доол, добулбастар жасалса, тоо текенин шаа мүйүзүнөн жезнай, кернайлар, жергиликтүү жыгач материалдарынан (карагай, арча, өрүк, шилби, камыш ж.б.) комуз, кыяк, сурнай, чоор, сыбызгылар даярдалып, ат үстүндө алып жүрүүгө ыңгайлаштырылган. Чоор, чопо чоорду кончуна жымырып, кернайды аркасына асынып, сурнайды моюнга илишкен. Добулбас, доол ээр кашынан орунтук тапса, комуз курга кыстарылып, чепкен ичине кастарланып катылган.

1. Yйлөмө аспаптар (аэрофондор): чоор, чопо чоор, сыбызгы, кернай, сурнай, ышкырык чоор.
2. Жаргактуу урма аспаптар (мембранофондор): добулбас, доол, дап.
3. Шыңгыратма аспаптар (идиофондор): аса-муса (аса таяк), шылдырак, коңгуроо, жылаажын, жыгач ооз комуз, темир ооз комуз.
4. Кыл аспаптар (хордофондор): комуз, кыл кыяк.

Чогойно чооң түзөтүү

1. Yйлөмө аспаптар. Yйлөмө аспаптардын теги байыркы замандарга барып такалат. Алтайлыктарда "чоор" - "шоор" деп аталат экен. Ошондой эле хакастар, тувалыктарда да шоор ойнолот. Шоор куурайдан жасалгандыктан, бул элдерде "куургай" же "комургай" деп да коюшат. Ал эми башкыр элинде болсо чоорду "куурай" деп коюшат. Чоор. Эки учу ачык түтүк, төрт көзөнөктүү, тигинен кармап ойнолот. Аспаптын жердиги - шилби, сары жыгачтан жасалат. Чоор түтүгүнүн эки жак кыргактары жарылып кетпеш үчүн мүйүз кийгизилет. Чоорду тартуунун алдында ичин суу менен чайкап коюу керек. Байыркы доорлордо пайда болгон чогойно чоор, балдыркан чоор дегендер бүгүн колдонулуудан чыгып калган. Кичине чоор. Yн өзгөртүүчү 10 көзөнөгү бар. Аспап өрүк, алмурут жыгачтарынан, ошондой эле желимден, латун, жез, аллюминий сыяктуу түстүү металлдан даярдалат.
Чоң чоор. 4 же 5 үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү бар. Башка чоорлордо алууга мүмкүн болбой турган төмөнкү добуштар алынат. Аспап түстүү металлдардан жана желимден жасалат. Каттуу жыгачтардан жасаса да болот.
Ышкырык чоор.
Чатыр гүлдүүлөр түркүмүндөгү сүмдүктөрдүн же чогойнонун сабагынан жасалат. Алдыңкы учу туюк болуп, үн өзгөртүүчү 2-3 көзөнөгү бар. Тик кармап, ооз жагын эринге такап, ышкырык жылчыгынан тилдин жардамы менен үн алынат.
Ышкырык.
Талдын же теректин бутаксыз сабактарынан жазында жасалат, үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү болбойт. Жогору жагынан ышкырык жылчыгы оюлуп, таякчанын эки учу тыгындалат. Ышкырык убактылуу гана аспап, ал 3-4 күнгө гана кызмат кылат.
Чопо чоор.
Көрүнүшү сүйрү, тоголок келип, учтанган тарабынан ышкырык жылчыгы оюлат. Ак же кызыл чопону 900 С дан ашык ысыктыкка бышырат. Ак чоподон жасалган чоордун үнү кату чыгат. Мурда чопо чоордун 3-4 гана үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү болгон. Азыркы өркүндөтүлгөн аспаптын 7-8 ге чейин көзөнөктөрү бар.
Комуз күүлөрүн таржымалы менен эң көп билген комузчу – Нурак Абдрахманов. Ал 170 күүнү жаралыш тарыхы менен айтып чертет, өзү 17 күү чыгарган.
• Эң көп аспапта ойногон таланттардын бири Курмангазы Азыкбаев. Ал 22 аспапты аткара билет (комуз, сыбызгы, чоор, флейта, саксафон ж.б.). Ал тил билүү боюнча да рекордсмен (14 тил билет экен). Ал эми кызы Нурайым 12, уулу 7-8 аспапта ойнойт.

Кыргыз музыкасы тууралуу китептер түзөтүү

Кечээ жакында  кыргыздын тунгуч музыка таануучусу, Кыргыз Республикасынын эл артисти Балбай Алагушовдун “Кристенсен” фондусунун Бишкектеги «Борбордук Азия-Арт менеджмент» коомдук корунун каржылоосунда 34, 75 басма табак көлөмдөгү «Комуз күүлөрүнүн антологиясы» аттуу көлөмдүү  китебинин биринчи томун «Мага» басмасы 500 нускада басып чыгарды.

Ал эми автор «Комуз» аттуу бө­лүмүндө аспаптын чыгышы жөнүндөгү элдик уламалардан тартып окумуштуулардын ар кыл ойлорун берет да, «комуз» деген терминдин түрк тилдүү элдерде ар түрдүү хомус, кобыз, комус, кумус, хомыс, кобыз, кобуз деген ж. б. аттарда аталарын, алардын бири чертме, экинчиси тартма, үчүнчүсү какма музыкалык аспаптар экенин айтып келип, «комуз» деген терминдин чыгышын баяндайт да, комуздун чабылышы, Кыргызстандын аймактарында чертилген комуздун түрлөрү, үлгүлөрү жөнүндө сөз кылат. Алардын сүрөттөрүн алсак, усталар Ч.Иманкуловдун, К.Верхолядовдун, Ш.Исаковдун, К.Тойчиновдун, О.Кенчибаевдин, Н.Уралиевдин чабышкан комуздарынын үлгүлөрү , Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас аймактарында чертилген комуздун түрлөрү тартылган сүрөттөрү берилген. Сүрөттөрдүн ичинен эл куудулу  Шаршен Термечиковдун өзү бир жагы комуз, бир жагы казактын домбурасын чаап алып чертип отурган сүрөтү окурмандарды кайдыгер калтырбайт.

Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр, ойлор, пикирлер. Асан Кайбылда уулу. - Бишкек, 2011 түзөтүү

Эки томдон турган китеп Кыргызстанда кыргыздардын көчмөн музыкасынын тарыхы туурасында жазылган. Белгилүү комузчу Асан Кайбылда уулунун китебинде комуз күүлөрүнүн тарых-таржымалы иликтенип, баяндалат.

Бул китеп автордун 20 жылдан бери жүргүзүп келе жаткан кыргыз комуз музыкасынын изилдөөсү болуп эсептелет [1]

Китепке 100дөн ашык комуз күүлөрү жана алардын тарыхы жазылган диск да тиркелген. Аталган китеп Орто Азия Университети тарабынан чыгарылган.

Булактар түзөтүү

  1. [1](жеткиликсиз шилтеме) K-News: В Кыргызстане вышла в свет уникальная книга об истории комузной музыки

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү