Кыргыз элинин музыкалык маданияты

Комуздагы кусалуу күү шолокто!
Бирок муңду журөгумө жолотпо!
Комуздагы шатман кайрык көкөлө!
Көңулүмдү көккө апарып бөпөлө!
Асылбек Медетбеков

Кыргыз элинин музыкалык маданиятынын башатында, ал түгүл азыркы түрк тилдүү элдин элдик музыкасынын башатында комуз күүлөрү турат. Кыргыз эли сөз менен айтып жеткире албаган тарыхын, кубаныч-кайгысын, муң-зарын, мүдөө-тилегин күү менен беришкен. Комуз күүлөрү кол ойнотмо жана кара күү болуп бөлүнөт. Кол ойнотмо күүлөр элдин көңүлүн көтөрүп, тамаша-күлкү чакырганга багытталса, кара күү элди уютуп, маани-маңызына басым жасайт. Кыргыз эли өтө эле ыр жандуу эл болгондуктан "Манастын", кенже эпостордун, эмгек ырларынын, шандуу ырлардын, кайгылуу ырлардын, лирикалык ырлардын, кошоктун, ал түгүл адам каза болгондо өкүрүп түшүүнүн да өз өзүнчө обондору бар.

Өнөрпоздор комуз, кыл кыяк, темир ооз комуз, жыгач ооз комуз, чоор, балтыркан чоор, чогойно чоор, керней, мүйүз керней, сурнай, жезнай, сыбызгы, добулбас, бап, дилдирек, аса-муса, жылаажын, коңгуроо, чымылдак, шалдырак ж.б. аспаптарда ойноп, жан эргиткен күү чыгарышкан. Ар биринин өз арналышы болгон. Мисалы, аш-тойлордо, жортуулда керней, сурнай добулбас колдонулуп, эл чогултуу, элге кабар берүү үчүн тартылса, чоорду көбүнчө малчылар пайдаланышкан. Кыз-келиндердин өтүгүнүн өкчөсүнө, куш мойнуна жылаажын тагылган.Тактеке оюну, куудулдук, бийлери да болгон.

Комуз мындан 2 миң жылдан ашуун мурун эле байыркы Энесай кыргыздарынын музыкалык аспабы болгону тарыхта белгилүү. Ал эми Кытайдагы кыргыз Жумакадыр Жусуп төмөнкүлөрдү белгилейт: Кытай тарыхчысы Юнан жазган "Таан өстөнүндөгү маек" аттуу китепте Юндынын 1-жылы (б.з. 33-ж.) хуннулардын Теңир кутуна аялдыкка берилген Ван Жияужун кан ордого төркүлөп келгенде өзү менен кошо бир чертмек апкелгени айтьшат. Ал аны "хунбуз" деп атаган. Бирок, кийинки тарыхчылар ал сөз ханзу (кытай) тилиндеги "таптакыр окшобойт" деген маанидеги сөздүн байыркы хунзуча айтылышы - "хунбуси" экенин, "комуз" ошол сөздөн келип чыкканын айтышат. Ушул уламыштын бир аз башкача түрү "Жибек жолундагы күүлөр-бийлер баяны" деген китепте да айтьшат. Ал эми Шиңжаң Турпанынын батышындагы Жаркотондон табьшган 9-кьшымга таандык байыркы сүрөттө бир баланын музыкалык аспап чертип отурганы тартылган. Анын атын "комуз" деп түшүндүрөт. Жапан окумуштуусу Линчансан "Чыгыш Азия музыкалары" деген китебинде кыргыздар комузду соогат иретинде Кытайдын Тан кандыгына бергендиги, Тан кандыгы Улуу Тан музыка аспабы катары жапандарга белек кьшганы, азыркы жапандардын чертилүүчү музыкалык аспабынын аты "кото" деген сөз кыргыз комузунун атынан чыккандыгы, ошондуктан комуз жапан музыкалык аспаптарынын башаты экендигин баяндаган. Жунгуанхан жазган "Кыргыз салт-санаалары" деген китепте "комуз" деген сөз кыргыз тип диалекти "ку оз" деген сөздөн келгени, ал "шумдукхуу үн" же "укмуштай доош" деген маани берери айтьшат. Эң алгачкы комуз күүсү катары "Камбаркан" айтылат.

Кыргыз музыкасында медитациялык ички жан дүйнөнү дарьшаган касиет бар. Бекеринен жомоктордо ажыдаарды арбаган, малды артынан ээрчитип алган чоорчу, кьш кыякчы, комуз чу жөнүндө айтылбаса керек. Кыргыз музыкалык аспаптарынын күүлөрүндө адамдын кубаныч-кайгысы, махабаты, сүйүүсү, жаратылыш кооздугу ж.б. кеңири мукам үн менен баяндалган.

Адабият түзөтүү

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.