Кыркчоронун ордосуКочкордун түндүк- батыш тарабындагы Каратоонун үстүндөгү түздүк. Узун- туурасы бир гадай болгон ачык жай, ордо ойногондой тегерек, ортосунда кан жайгашкандай кичинекей белгиси бар. Элдик уламыш боюнча кырк чоросу менен ордо ойноп жаткан Манас Шамшы айылы тараптан үрккөн жылкылардын алдын тороп, Каратоодо таш ыргыткан дешет. Ошол таштар ээн талаада , ар кайсы жерде (10дой), ар кандай көлөмдө (эң чоңунун туурасы- 2,5, узуну 3,5, бийиктиги 3м) жатат. Мындан тышкары ошол ордо ойногон жйыктан ылдый “Манастын үңкүрү”, анын жанында “Аккуланын жер чапчыган изи ” жатат. Үңкүр топурак ташка толуп, орду эле калган.

Дагы караңыз түзөтүү