Кырк-Булак слюда кени Баткен облусунун Лейлек районунда, Исфара кыштагынан 80 км түштүк-батышта, Кыркбулак суусунун баш жагында, деңиз деңгээлинен 3100–3500 м бийиктикте. 1951-ж. геол. изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Калыңдыгы 0,5–14 м болгон линза, кабат сымал, шерл-мусковиттүү, биотит-шерлүү, мусковит-микроклиндүү курамындагы 34 пегматиттик тулкулар силурдун метаморфизмделген сланецтеринин ичинде жайгашкан. Мусковиттин чыгышы 9,4 – 27,94 кг/м2, запасы С1 категориясы боюнча 252,4 т, С2 – 79,5 т. Майдаланган (чачылган) слюданын запасы С1–10,26 т, С2–10,2 т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү