Кыртыш суусу, грунт суусу - жер астындагы суу.

Жер бетине чукул жердеги туруктуу суулуу кабатта жатат. Негизинен жаан-чачын, жер бетиндеги агын суу, көл ж. б-дын суусу топурак катмарларынан өтүп барып топтолушунан пайда болот. Үстү жагында суу өткөзбөөчү катмар болбогондуктан суу басымсыз абалда жатат. Суунун деңгээли, дебити, химиялык курамы жана температурасы жаан-чачындын болушуна карай дайыма өзгөрүп турат. Кыртыш суусунун жаратылышта таралышына климат, рельеф, кыртыш-топурак, өсүмдүк түрлөрүнүн өзгөчөлүгү чоң таасир этет. Алар айрыкча суу өрөөндөрүнүн аллювий чөкмөлөрүндө, тоо этектериндеги шилендилерде, чакан тереңдикте жаткан жаракалуу жана карстуу аки таш тектеринде кеңири тараган. Жер бетине жакын болгондуктан, аны чыгаруу оңой. Ошондуктан Кыртыш суусу турак жайларды, өнөр жай ишканаларын, айыл чарбаны суу менен камсыз кылуунун булагы катары эл чарбасында мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.