Кырчоо - боз үйдүн кереге, чий, туурдугунун сыртынан, ортосунан ылдыйраак айланта бастырылып, бекем тартылган ичке аркан. Кылдуу жакшы жүндөн үч бөлөк эшилип чыйратылат. Эки учу босого таякты бастыра керегенин ич жагына байланган кырчоо боз үйдү жылып же кыйшайып кетүүдөн сактайт. Кырчоого арткы үзүктүн, туурдуктун, түндүк табуунун боолору байланат же айрым боолор ага бир чалынат да, керегенин аягынан киргизилип, ичине байланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү