Кыскартуу орунун которуу

Кыскартуу орунун которуу (Moving the insertion pointer- Перенос позиции вставки). Кыстаруу оруну же жылгыч (курсор) деп экранда жанып өчүп турган вертикаль сызык түрүндөгү символ аталат, ал экранда символ чыгарыла турган орунду көрсөтүп турат. Кыстаруу орунун жылдыруу чычкан же баскычтоп баскычтары менен аткарылат. Баскычтоп тактасындагы жебе баскычтары кыстаруу орунун (жылгычты) бир символго же бир сапка жылдырат. Эгерде жебе баскычы басылып тура берсе, анда аракет кайталанып жылгычты жылдыруу ошол багыт боюнча бир нече орун же сапка аткарылат. PAGE UP (бир барак жогору) жана PAGE DOWN ( бир барак төмөн) баскычтары кыстаруу орунун бир терезеге (экранга) жылдырууда колдонулат. HOME жана END баскычтары кыстаруу орунду саптын башына жана саптын аягына жылдырат. Ошондой эле, Ctrl жана Alt баскычтары менен бирдикте алардын комбинациясын (бир учурда басуу менен) колдонуп, сөздүн, абзацтын башына же аягына, документтин башына же аягына жылгыч жылдырылат. Баскычтардын бул комбинацияларына SHIFT баскычы кошулса, анда жылгычтын жылуусу маркерлөө менен аткарылат.

Колдонулган булактар түзөтүү

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, Башкы редактор Ү. Асанов; Ред. кеңеш У.Н.Бримкулов ж.б. Бишкек 2004.

ISBN 9967-14-014-3