Кыска канаттуу ак барсылдак

Кыска канаттуу ак барсылдак (лат. Colutea brachyptera, Sumn) - Бийиктиги 1 м ге жеткен жалбырагы күбүлүүчү бадал, көп жылдык бутактарынын кабыгы боз, бир жылдык өркүндөрү ак кабыктуу. Кыска саптуу жалбырактарынын узундугу 5- 8 см, 3-4 жуп жалбыракчалуу, алар сейрек, жапырылма түктүү. Гүл сабы жалбырагынан кыска. 4-8 сары гүлдөрү биригип, ийилген чачык топ гүлдү түзүшөт. Гүл саптары, чөйчөкчөсү кара түктүү. Чанактарынын узундугу 5 см, туурасы 2,5 см, эллипстей, жаргактуу, чачыранды жапырылган ак түктүү. Уругу кара-күрөң, узундугу 5 мм ге жетет, тегерек, капталынан сырты оюк чекиттүү.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Май-июнда гүлдөп, июнң-июлда мөмөлөйт. Уругу аркылуу, сейрек вегетативдик жол менен көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Фергана жана Алай тоо кыркалары (Кыргызстан, Өзбекстан).

Өсүү шарттары түзөтүү

Кумдуу кызыл чополуу, шагыл-таштуу жапыз жана бөксө тоолордун капталдары, конгломераттар.

Саны түзөтүү

Маалымат жок.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Ар түрдүү чарбачылык иштердин, антропогендик фактордун кесепети жана кооз гүлүн үзүп чогултуу.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Жаратылышта санын тактап, түр кеңири учураган аймактарда ботаникалык заказник уюштуруу.

Статусу түзөтүү

V U . Сейрек кездешкен, Кыргызстанда өскөн тукумдун үч түрүнүн бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү