Кысыр калуу — тубар малдын төлдөбөй калышы. Кысыр калуунун негизги себептери: колдон уруктандырууну уюштурууда жана жүргүзүүдө кетирилген кемчиликтер (урук алууда ветеринардык-санитардык эрежелердин сакталбашы, колдон уруктандыруунун туура эмес жүргүзүлүшү, куут планынын жоктугу, кысыр малды өз убагында куутка кошпоо ж. б.); малдын төлдөө жөндөмдүүлүгүнүн бузулушу (туура тоюттандырбоо, ылаңдоо, малдын карышы жана уругунун төл алууга тубаса жарамсыздыгы ж. б.).

Колдонулган адабияттар түзөтүү