Кытайдагы элдик боштондук согуш (1946—49)

Кытайдагы элдик боштондук согуш (1946—49) — Кытайдагы жарандык согуш. Бул боштондук согуш Кытай КП жетектеген күчтөр менен АКШ колдогон гоминьдан партиясынын ортосунда чыккан. Экинчи дүйнөлүк согуштун (1939—45) аягында Кытайды гоминьдан жана Кытай КПнин өкүлдөрү эки башка башкарып, гоминьдан аскерлери менен элдик куралдуу күчтөрдүн кагылышуулары болуп турган. Кытай КПнин жетекчилиги менен элдик-демократиялык биримдик фронту калыптанган. Гоминьданчылардын армиясын Чан Кайши жетектеген. 1946-жылы жайында гоминьдан армиясы АКШнын колдоосу менен бошотулган аймактарга жалпы чабуул жасап, алардын бир бөлүгүн, анын ичинде Кытай КП БК турган Яньань ж. б. шаарларды басып алган (1947, март). 1947-жылдын ортосунда Элдик-боштондук армия дыйкандардын колдоосу менен контрчабуулга өтүп, бошотулган аймактарда дыйкандар революцияга жигердүү катышып, гоминьдан башкарган аймактарда жапырт иш таштоолор, толкундоолор жана дыйкан көтөрүлүштөрү чыккан. Улуттук буржуазия менен интеллигенциянын гоминьдандык режимге нааразычылыгы күчөгөн. Натыйжада Элдик-боштондук армия гоминьдан аскерлери менен болгон салгылашта чоң ийгиликке жетип, өлкөнүн көп жерин бошоткон. 1949-жылы апрелде Бэйпинде (Пекин) Кытай КП менен гоминьдан делегациялары сүйлөшүп, Кытай КП талап кылган шарт боюнча граждандык согушту токтотуу келишимин түзүшкөн. Бирок гоминьдан өкмөтү ал келишимди аткарбагандыктан, Элдик-боштондук армия 1949-жылы 21-апрелде кайра чабуулга өтүп, 1950-жылдын башында Кытайды (Тибеттен башкасын) толук бошоткон. Гоминьданчылар АКШнын куралдуу күчтөрүнө баш калкалоо үчүн Тайвань аралына качкан. 1949-жылы 30-сентябрда Кытай элдик саясий кеңеши Элдик өкмөт түзүп, 1949-жылы 1-октябрда Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү