Кытай тарыхый даректери — Кытай мамлекетин биздин заманга чейинки 2-кылымдын башынан биздин замандын 18-кылымынын аягына чейинки мезгилде башкарган династиялардын хроникалары. Негизинен Кытай жана аны башкарган династиялардын, ошондой эле түндүк, түндүк-батыш жана батышында жашаган эл жана уруулардын тарыхы баяндалган. Кытай тарыхый даректери алгач эркин баяндама («лечжуань»), биздин заманга чейинки 2-кылымдан Сыма Цяндын сунушу боюнча хроника түрүндө жазылган. Биринчи династия тарыхы «Тарыхый жазмалар» («Ши-цзи») деген аталышта болжол менен биздин заманга чейинки 186-жылга чейин жазылып, Кытайдын пайда болушунан биздин заманга чейинки 2-кылымды камтыган, анда биздин заманга чейинки 203—201-жылдардагы окуяларга байланыштуу хунн, динлин, синьли уруулары менен бирге кыргыздардын (ге-гун) тарыхына тиешелүү өтө сейрек маалыматтар кездешет. Биздин замандын 1-кылымында жазылган «Байыркы Хан тарыхы» («Цянь Хань шу»), 3-кылымдагы «Үч династиянын тарыхы» («Сань го чжи»), 5-кылымдагы «Соңку Хан тарыхы» («Хоу Хань шу») Хан династиясынын баскынчыл саясатына арналган. 7—8-кылымдардагы «Чжоу тарыхы» («Чжоу шу»), «Түндүк династиянын тарыхы» («Бэй ши»), «Суй тарыхы» («Суй ши»), 10-кылымдагы «Байыркы Тан» («Цзю Тан шу»), «Тан династиясынын жаңы тарыхы» («Синь Тан Юань ши») жана 13—14-кылымдардагы «Сун» («Сун ши»), «Юань» («Юань ши»), «Ляо» («Ляо ши») тарыхтары орто кылымдагы империялардын түзүлүшү, алардын кыйрашы жөнүндө тарыхый кабар берсе, жаңы доорго тийиштүү маалыматтар Цин империясынын хроникаларында баяндалган. Бирок байыркы жана орто кылымдагы Кытай тарыхый даректеринде жылдар так көрсөтүлбөй, бир эле элди ар башка аттар менен атоо, же бир эле жерде ар мезгилде жашаган түрдүү элди бир эл катары саноо; географиялык жайгашуулардын түшүнүксүздүгү ( мисалы, кытай тарыхчы-географтары өзүлөрүнүн түндүк-чыгыш, түндүк, түндүк-батыш чек араларын иш жүзүндө түндүк деп көрсөтүшкөн); сөз башына келген каткалаң үнсүздөрдүн өзгөрүлүшү же жутулуп айтылышы; иероглифтин өзгөчөлүгү; энчилүү аттардын байыркы кытай тилине, андан орус тилине которулушу (мисалы, «Ала-Тоо» — «Бэй-шань» — «Белая гора», «Кара-Тоо» — «Цин-шань» — «Чёрная гора», «Тёмная гора»); ошондой эле ылакап ат менен берилиши ж. б. аны пайдаланууда кыйынчылыктарды туудурган. Кытай тарыхый даректерин Н. Я. Бичурин (Иакинф), В. П. Васильев, В. Шотт, Э. Шаванн, Н. В. Кюнер, Л. И. Думан, В. С. Таскин, А. Г. Малявкин, Е. И. Кычанов, Ю. А. Зуев, Г. П. Супруненко ж. б. синолог-окумуштуулар изилдеп которушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү