Кычкылдануу чынжыры - организмде суутектин кычкылтек менен болгон кычкылдануу процесси жана суунун пайда болуусу бат эле болуп кетпейт. Бул процесске чейин бир топ реакциялар жүрөт, бул реакциялардын системасын биологиялык кычкылдануу чынжыры деп аталат. Ал төмөнкүдөй кыскача жазылуусу:

Cубстрат → НАД → ФАД → цитрохромдор → О2

Мында: НАД – никотинамиддинуклеотид, ФАД – флавинадениндинуклеотид цитрохромдор – дем алуу ферменттери. организмде биологиялык кычкылдануунун негизинде бөлүнүп чыккан энергиянын бир бөлүгү жылуулук түрүндө, башка бир бөлүгү АТФнын фосфат байланышынын энергиясы катары топтолот. Мындай байланыштар макроэргиялык (энергияга бай) деп аталып, “~” символ менен белгиленет да 33,5-41,9 кДж/моль же 8-10 ккал/моль энергияга барабар. Бул кошулмалар макроэргиялык, ал эми пайда болуу реакциясы фосфорлоо деп аталат.

АТФ → АДФ+Н3РО4 + 33,5-41,9 кДж/моль

АТФ → Фн ~ Фн ~ Фн

АТФ – аденозинтрифосфор к-тасы, АДФ – аденозиндифосфор к-тасы, АМФ – аденозинмонофосфор к-тасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү