Кыштообаев Мукуш (1923, Торкен айылы - 2001, ошол эле жер) - мугалим; “Ардак Белгиси”, Эмгек Кызыл Туу ордендеринин ээси.

  • Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1948), Ош мамлекеттик педагогикалык институтун (1967) бүтүргөн.
  • 1946-47-ж. Н. Крупская атындагы,
  • 1947-51-ж. Каганович атындагы,
  • 1958-жылдан Торкен орто мектептерде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
  • Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5