Оюнчулардын саны 2—3 киши.

Оюн аянтчада, сахнада, спорт бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнда кыштар колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар бирден алган кыштарын алдыларына коюшуп шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Ар кимиси кезектери келгенде, түйүлгөн муштумдары менен уруп, кышты сындырууга аракеттенишет. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Кышты көп уруп сындырган оюнчу, жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Тактайды уруп сындыруу, коло жыгачты уруп сындыруу, дарбызды муштап жаруу, коонду муштап жаруу ж. б.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга башка буюмдарды колдонууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюнчулар каалоосу боюнча, кыштын санын көбөйтсө болот.

Педагогикалык мааниси түзөтүү

Күч тарбияланат, чыдамкайлыкка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү