Күдөрү кайыш — бул колдо иштетилген кол булгаарынын бир түрү. Айрым чеберлер толгоп тартып, керип чоюп, талкууга коюп да ийлешкен. Иштетүүгө ийкемдүү кайыш. Илгери сыйрылган теринин түгүн дароо кырып, чийкилей да ийлешкен. Ийи жеткен мындай эң жука кайышты боекко салат. Андан кийин анын ички бетин түрдүү миздүү таракча менен кайчылаш утур-тетир сүргөндө кадимки баркыт сымал жыш түкчө пайда болот. Мындан сыйда бут кийимдер, мээлей, намиян сыяктуу буюмдар тигилген. Күдөрү кооз көрүнөт да, абдан бышык болот, өңү тез оңуп кетпейт, суу да өтпөйт.

Маалыматтын булагы түзөтүү