Күжү — бул көөрүктүн отту, чокту, үйлөп чоктонтуп туруучу бөлүгү. Колго сагыздай ийленген чопо топуракка майда кыркылган кылтак жүн аралаштырып, кудум куйма калыптай ийине келтирип, «күжү» жасалат. Түсү бышкан кирпичтей күжүгө тигил ноктолонгон эки ачакейдин тумшугу кирет. Көмүрдү (чокту) үйлөй турган, жоондугу карыштай тешиктен сыгылган жел өтө басымдуу чыгат. Эгер тешик мындан кенен келсе, жел начар үйлөнөт. Такай иштелген «күжү» бир айга араң чыдайт. Күжүнү улам кайрадан ошондой жол менен усталап жасап алып турушат. Ордунан өйдө-төмөн козголбошу үчүн көөрүктүн эки ачакейинин чатына жыгач уруп таштайт. Мындай асма көөрүктү усталар ортолук устаканаларды уюштуруудан баштап пайдаланып келүүдө.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)