Күйүүчү сланецтер — массасы 60—70% күйүүчү органикалык заттардан турган чөкмө тектер. Өңүтүсү бозомук күрөң, саргыч күрөң. Курамында бир аз кальцит, доломит, гидрослюда, монтмориллонит, каолинит, талаа шпаты, кварц, пирит жана башка минералдар кездешет. Органикалык заттарга кээ бир өсүмдүктөрдүн жана жөнөкөй балырлардын биогеохимиялык жол менен пайда болгон калдыктары кирет. Тез тутанып, быкшып күйөт. Кургак кызытып, газ, бензин, керосин, парафин, майлоочу май, кокс алынат. Эл чарбасында отун, химиялык сырьё катары колдонулат. Жылуулук берүү энергиясы 3500—4000 ккал/кгга жетет. Лагунада, көл менен деңиз түптөрүндө пайда болот. Курамына жараша чополуу, карбонаттуу, кремнийлүү түрлөрдөн турат. Кембрийден тартып, неоген мезгилине чейинки чөкмө тектердин арасында өзүнчө кабатты түзөт. Негизинен платформалуу аймактарда жолугат. Ири кендери Балтика деңизинин жээктеринен, Беларуссия, Украина, Волга бою, Өзбекстан, Якутия, Швеция, Шотландия, АКШ, Канада, Австралия, Кытай жана башка жерлерден орун алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү