Күйөө жолдош
Күйөө жолдош — үйлөнүү тоюна күйөө балага жолдош болуп барган жигит. Ал элдик салтка байланыштуу ар кандай оюнтамашаларды уюштурат, жигит тараптын намысын коргойт. Күйөө жолдошко шайыр, чукугандай сөз тапкан, салтты жакшы билген жигиттер тандалат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9