Күкүрттүү кислота, Н2SO3 — су-юлтулган эритмелерде гана бел-гилүү болгон начар, эки негиздүү к-та (күкүрттүү ангидрид суудагы эритме-си). К. к. туздары — сульфиттер (мис., Nа2SО3) жана бисульфиттер гидросульфиддер, (NаНSО4, жана башка). К. к. жана анын туздары күчтүү калыбына келтиргич болуп саналат. Алардын эритмелери абадан акырындык менен кычкылтекти кошуп, күкүрт кислотасын же анын туздарын пайда кылат. Күчтүү окистендиргичтер (КМnО4, Вr2, I2 жана башка) менен К. к. жана анын туздары активдүү окистенет. Ал эми күчтүү калыбына келтиргичтер менен өз ара аракеттенишкенде, окистендиргич ролун аткарышы мүмкүн. Сульфиттер басымдуу көпчүлүгү (К2SО3 жана Na2SO3 башкалары) сууда эрибейт. Бисульфиттер сууда жакшы эришет. Алардын көпчүлүгү эритмеде гана туруктуу. Эркин түрүндө щелочтуу металлдар бисульфиттерин гана бөлүп алууга болот. К. к. туздары күкүрттүү ангиридди тиешелүү мсталлдар гидроксиддери же карбонаттары менен өз ара аракеттенүүдөн алынат. Калий жана натрий сульфиттери текстиль ө. ж-да кээ бир материалды агартыш үчүн, кезлемелсрди боёодо, сүрөт иштеринде колдонудат. Са(HSO3)2, эритмеси жыгачты сульфиттик целлюлозага кайра иштетүүдө (кагаз алуу үчүн) пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү