Күкүрттүү суутек, Н2S — күкүрт менен суутек бкрикмсси; түссүз, сасыган жумуртка жыттанган уулуу газ. Эрүү t 32.9°С, кайноо t 60.3°С. тыгызд. 0.964 г/см3 Катуу К. с. ак түстөгү кристаллдык масса. Сууда, спиртте жакшы эрийт. 20°С 1 л сууда же спиртте 2,9 л К. с. эрийт. Жаратылышта вулкан газынын курамында, орг. калдыктар чириндилеринде кездешет. Абада күкүрттүү газды пайда кылуу менен күйөт:

2H2S+3O2 =2SO 2+2H2O

К. с. аба менен аралашмасы жарылуу менен күйөт. К. с. орто жана гидро туздары бар (NaHS,Na2S,ZnS, PbS ж.б.). Алар сууда начар эрийт же такыр эрибейт. К. с. лаб-яда темир (II) сульфидине 25% туз к-тасын таасир этүүдөн алынат.

FeS+2HCl2+H2S

К. с. күчтүү калыбыма келтиргич. Мис.,

2H2S+O2 =2S+2H 2O

Бул реакция ө. ж-да күкүрттү алууда колдонулат. К. с. суудагы эритмеси сульфид . к-тасы деп аталат. Ал начар к-таларга кирет. К. с. газы дем алуу органдарына, көзгө, нерв системасына терс таасир этет. Конц. 1 мг/л жогору болсо адам өмүрүнө зыян келтириши мүмкүн. К. с. аналитакалык химияда жана орг. синтезде күкүрттүү бирикмселерди алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү