Күкүрт ангидриди, SO3 — 6 валенттүү күкүрт менен кычкылтек би-рикмеси. Кадимки басымда түссүз газ (44,5°С суюктукка айланат). Абада суу буулары менен реакцияга кирип, күкүрт кислотасын пайда кылат. Тыгызд. 1,92 г/см3.44,9°С кайнап, 16,8°С кристаллга айланат. Буу түрүндө SО3 моно-молекулалуу. Анын термикалык диссо-циациясы (SО2 жана О2) 450°С баш-талып, 1200°С толугу менен бүтөт. ЗО., суу менен өз ара аракеттенишкенде күкүрт к-тасы пайда болот:

SО3 + Н2О = Н2SО4 + 21 ккал

К. а. негиздик оксид жана негиздер менен өтө активдүү өз ара аракеттенишет. Күчтүү окистендиргич катарында күкүрттү, фосфорду, углеводородду жана башка окистендирет да өзү SО2 чейин калыбына келет. SО3 жогорку поли-мерлүү формасы суу менен анчалык ак-тивдүү реакцияга кирбейт, абада начар түтөйт жана анын окистендиргич таасири анчалык күчтүү эмес. Лаб-ялык шарттарда SО3 кээ бир металлдар сульфаттарын ысытуу менен алууга болот [Fе 2(SО2)3, МgSО4 жана башка]. Ашык сандагы Р2O5 конц. Н,SО4 таасир этип же абанын жана SО2 аралашмасын 400°С чейин ысытылган платина катализатору үстүнөн өткөрүү менен да алууга болот. Ө. ж-да алуунун ыкмасы SО2 катализатор жардамы менен окистендирүүгө негизделген. К. а. көптөгөн орг. продуктуларды өндүрүүдө сульфирлөөчү реагент катарында, олеумду алууда, жогорку конц. суусуз азот кислотасын алууда суусуздандыргыч агент катарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү