Күл-Чор, Бага-Тархан, Күрсүл

Күл-Чор, Бага-Тархан, Күрсүл – 8-кылымдын баш чениндеги түргөштөрдүн аскер башчысы. 720-жылы согдулуктардын арабдарга каршы согушуна жардамга келген түргөштөрдүн аскерлерин жетектеген. Самарканды курчоого алып, согдулуктар менен бирге, Согд мамлекетинен арабдарды кууп чыккан. 738-жылы түргөш каганы Сулукту өлтүргөн.

739–744-жылдары каган катары такка олтурган. Күл-Чор арабдарга каршы ошол эле арабдардын ичинен чыккан козголоңчу аскер башчысы Харис ибн Сурейж менен бирге күрөшкөн. 744-жылы Сырдарыяга жасалган жортуулда Күл-Чор туткунга түшүп, өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү