Күндөлүк — күн сайын жазылуучу өздүк, илимий, коомдук мүнөздөгү эскермелер. Күндөлүк жазуу айрыкча жазуучуларга мүнөздүү. Алар үчүн күндөлүк ар түрдүү максатта пайдаланылышы мүмкүн. Мисалы, жазуучу өзү көргөн, күбө болгон окуялады күндөлүккө түшүрөт. Чыгарма жазганда ал күндөлүктөгү материалдарды түздөн-түз сюжетке киргизет. Ошондой эле окуяны, кездешүүлөрдү, жаратылыш көрүнүштөр сүрөттөп жазганда аларды кадимкидей поэтикалык аң-сезимден өткөрөт башкача айтканда күндөлүктү өз алдынча адабий форма катары пайдаланат. Мисалы, У. Абдукаимовдун Улуу Ата Мекендик согуштун күндөрүндө жазган күндөлүгү. Адабий форма катары каармандын же автордун ички дүйнөсүн чагылдырууда өзгөчө бир мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет; 18-кылымдын акырынан кеңири тараган (романтизмдин алдындагы адабият).

Колдонулган адабияттар түзөтүү