Күнжаңжуң «Манас» эпосундагы кейипкер. Кытайдын белгилүү баатырларынын бири. Эсенкандын жакын сырдашы, кеңешчиси катары айтылат. Маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алына турган учурларда Айжаңжуң экөө дайыма Эсенкандын кашында турушат:

Эр Эсенкан чамынып,

Так үстүндө камынып,

Быжылдап кайнап жан толуп,

Айжаң-жуң менен Күнжаң-жуң,

Жанындагы курдашы,

Кеп айтуучу сырдашы,

Жакын турган ал болду (Саякбай Каралаев, 1. 165). Согуштардагы эрдиги сүрөттөлбөгөндүгү менен Чоң казатта К-дун Алмамбеттин колунан өлгөнү айтылган эпизод бар (Саякбай Каралаев, 2. 204). Бул ысым «Күн» жана «жаң-жуң» (кытайча «цзяньцзюнь» — генерал, генерал губернатор, колбашчы) деген сөздөрдүн айкалышынан түзүлүп, экинчи бөлүгү эчактан бери кытайларда, кийинчерээк, айрым түрк-моңгол элдеринде титул катары колдонулуп келген. К. антропониминин пайда болушуна, ошондой эле 19-к-дагы Цинь империясы менен кыргыздардын ортосундагы мамилелер да кайсы бир даражада роль ойногон, к. Айжаңжуң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4