Күн да чыгат (англ. The Sun Also Rises) - Эрнест Хемингуэйдин 1926-жылы жазылган романы. Чыгарма Париждеги америкалык жана британдык эмигранттардын бука сүзүшүүнү көрүш үчүн Памплома шаарындагы Сан Фермин фестивалына катышуусун баяндайт. Модернизм багытында жазылган алгачкы көлөмдүү роман, басылып чыккандан бери ар түрдүү сын пикирлерге кабылат. Хемингуэйдин биографы, Жеффри Мейерс, романы жөнүндө "Хемингуэйдин эң зор чыгармасы" деп жазат, ал эми окумуштуу Линда Вагнер-Мартин, чыгарманы жазуучунун эң маанилүү романы болгонун айтат[1][2]. Роман 1926-жылынын октябрында Scribner's басмаканасында (АКШ) жарыкка чыккан. Бир жылдан кийин, Jonathan Cape басмаканасында (Лондон) роман "Фиеста" (брит.англ. Fiesta) аталышында жарыкка чыгат. Ошол жылдан улам, роман үзгүлтүксүз басылып чыгат.

Күн да чыгат
Жазуучу Эрнест Хемингуэй
Нукура аталышы The Sun Also Rises
Өлкөсү  АКШ
Тили англис
Басмакана Scribner's
Чыккан жылы 1926

Хемингуэй романды өзүнүн туулган күнүндө (21 июль), 1925-жылы жазып баштайт, анын адепки кол жазмасын сентябрда бүтөт. Кол жазмасын кийинкиге калтырып, жазуучу кыш учурунда (1926-жылы) аны кайрадан карап чыгат. Хемингуэйдин 1925-жылында Испанияга барган сапары романдын негизи болуп алынган. Чыгарманын түзүлүшү уникалдуу жана эсте калуучу, анда Париждеги тажаткан жашоо, Памплонадакы фестивалдын толкундануусу жана Пиренеядагы балык улоо сүрөттөлгөн. Сүрөттөмө жана мүнөздөмөнү акырын менен колдонгон Хемингуэйдин жазуу стили, Айсберг теориясынын көрсөтүүсү катары белгилүү.

Бул чыгарма ачкычы бар роман (фр. roman à clef), анда жазуучунун чөйрөсүндөгү чыныгы адамдардын тагдыры, болгон окуялар сүрөттөлөт. Романда Хемингуэй, Биринчи дүйнөлүк согушу аркылуу таптакыр бузулган деп саналган "Кайып муун" мезгилин туруктуу жана күчтүү катары көрсөткөн. Мындан тышкары романда сүйүү, өлүм, жаратылыштын жаңыланышы жана эрдиктин табияты изилденген.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Meyers, Jeffrey (1985). Hemingway: A Biography. New York: Macmillan. ISBN 978-0-333-42126-0
  2. Wagner-Martin, Linda (2002). "Introduction". in Wagner-Martin, Linda (ed). Ernest Hemingway's The Sun Also Rises: A Casebook. New York: Oxford UP. ISBN 978-0-19-514573-1