Күн менен Чолпон жылдызынын тогошуусу

Акыркы жолу 2004-жылы 8-июнда көптөгөн өлкөлөрдүн элдери соңку 122 жылдан бери кездеше элек астрономиялык бул сейрек көрүнүшкө күбө болушкан. Күн менен Чолпон жылдызынын тогошуусу Кыргызстандын убактысы боюнча эртең мененки саат 11:20дан кечки саат 17:24кө чейин созулган.

Күндү айланган планетелардын ичинен Чолпон - Меркурийден кийинки ага жакын экинчи планета. Анын көлөмү жана салмагы Жердикине жакын.

Буга чейин мындай тогошуулар 8 жылдык аралыкта жубу менен 1631 - , 1639 - , 1761 - , 1769 - , 1874 - , жана 1882-жылдары болгон. Демек, кийинки тогошуу, астрономдордун эсеби боюнча, 2012-жылы болот.

Күн менен Чолпон жылдызы тогошушу мүмкүн экендиги жөнүндө XVII-кылымда алгач ирет немис астроному Иоганн Кеплер айтып чыккан.

Мындай тогошуулар сейрек болгондугуна байланыштуу астрономдор үчүн өтө баалуу кубулуш болду. Ошондуктан, тогошууну окумуштуулар алыс жайгашкан жылдыздар менен планеталарды изилдөө боюнча технологияларды текшерүү үчүн да пайдаланууга аракеттеништи. Анткени, азыркы тапта Жерден өтө алыс аралыкта жайгашкан планеталарга жетүү мүмкүнчүлүгү түзүлө элек. Ал эми тогошуу учурунда айрым планеталар жөнүндө көбүрөөк маалыматтарды телескоп аркылуу топтоого жагдайлар түзүлөт. Буга чейинки Күн менен Чолпон жылдызынын тогошуулары да XVII-XVIII-кылымдардагы астрономдор үчүн күн системасынын түзүлүшү боюнча баалуу маалыматтарды берген. Айта кетсек, алар Жер менен Күндүн ортосундагы аралык 149 млн. 600 миң чакырым экендигин такташкан. Башкача айтканда, мындай иликтөөнүн аркасында астрономия илими Күн системасынын көлөмү боюнча тагыраак маалыматтарды алууга жетишкен. Ал эми 1761-жылдагы тогошуунун негизинде орусиялык окумуштуу Михаил Ломоносов Чолпон планетасынын атмосферасы бар экендиги тууралуу илимий ачылыш жасаган.

Европада учурда планеталар менен жылдыздарды иликтөө боюнча Эддингтон долбоору түзүлгөн. Анда планеталар менен жылдыздардын тогошуусуна байкоо жүргүзүү үчүн Жер орбитасынын атайын спутнигин учуруу пландаштырылууда. Ал долбоорго ылайык 500 миң жылдыз жана 20 миңге жакын планета изилденмекчи.