Күн таажысыхромосферанын жука өткөөл катмарынын сыртында башталган, температурасы 100 эсе жогорулаган Күндүн атмосферасынын тышкы катмары.

11 август 1999 жылы тартылган толук Күн тутулуудагы көрүнгөн Күн таажысы.

Күн таажысы фотосферадан Күндүн радиусундай өлчөмгө барабар болгон аралыктагы катмардан турат. Анын көрүнүшү Күндүн толук тутулуу учурунда жакшы байкалат. Таажыга астрономдор Күн тутулбаган учурда да хронограф деп аталган, деңиз деңгээлинен атайын 2000 м бийиктикте жайгаштырылган көп күзгүлүү телескоптор аркылуу байкоо жүргүзө алышат.

Таажынын формасы турактуу эмес. Анын өзгөрүшү Күндүн бетиндеги тактардын санына байланыштуу болот. Күндүн бетиндеги тактардын саны көбөйгөндө, таажынын формасы дээрлик тегерек болот. Тактардын саны азайганда же алар такыр эле жок болгондо таажы Күн экватору бонча созулган абалда болот.

Күн таажысын түзгөн бардык көрүнүштөрдүн бурчтук ылдамдыгы фотосферанын бурчтук ылдамдыгына барабар айланууну жасайт. Таажылар жалпысынан асман мейкиндигинде алыска созулуп, Күн дискасынын бир нече радиусун түзөт.

Күн бетинен бөлүнүп чыккан айрым плазмалар Күндүн өтө жогорку таажысы (сверхтаажысы) деп аталып, алардын созулушу Жер орбитасына чейин жетет. Өтө жогорку таажы радиоастрономиялык ыкмалар аркылуу аныкталып, анын өтө алыс аралыкка созулушу далилденген. Бул түрдөгү Күн таажысы оптикалык телескоптор аркылуу байкалбайт. Күн таажысынын бул түрү ага кирген бөлүкчөлөрдүн жогорку ылдамдыгы жана температурасынын жогору болушу менен түшүндүрүлөт. Таажыдагы газдар дайыма Күндөн чыгып турган плазманын ысык агымын жана Күн шамалын пайда кылат. Хромосферанын, таажынын түзүлүштөрү жандоочулардын орбиталык космостук станциялардын жардамы менен ультракызгылт-көк жана рентген нурларынан турары аныкталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек, Башкы рекдактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов