Күн электр станциясы — Күн радиациясынан электр энергиясын алуу үчүн колдонуучу түзүлүш. Күзгүлүү тутумдун жардамы менен чогултулган күн нуру буу казанына багытталат. Ал жерде пайда болгон буу турбогенераторду аракетке келтирүү үчүн колдонулат. Буу казанынын ордуна термоэлектр генераторун пайдаланууга болот. Күн электр станциясынын п. а. к. 15%тен ашпайт, салыштырмалуу кубаттуулугу жылуулук электр станциясына (ЖЭСке) караганда бир канча жогору.

Булактар түзөтүү