Күрзү (иран сөзү - гурс) – чокмор түрүндөгү жоокердик курал. Күрзүнүн чабыла турган бөркүнө тикен тиш металл чөгөрүлөт. Алгач курал ортосу көзөлүп, сырты быдырланып чегилген кой башындай тоголок таштан жасалып, сабы жыгачтан болгон. Кийинчерээк темирден жасала баштаган. Бул курал көбүнчө баатырдык белги катары ээрдин кашына илинген.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү