Күрүчбеков Сабырбек Акынбекович

САБЫРБЕК АКЫНБЕКОВИЧ КҮРҮЧБЕКОВ - акын.

Сабырбек Күрүчбеков Фрунзе шаарында 1957-жылы 9-августта туулган.
1980-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун заводдо жумушчу болуп иштөө менен баштап, 1980-жылдан «Кыргызстан» басмасында кичи редактор, редактор, 1986-1988-ж. чейин «Литературный Киргизстан» журналында иштеген.
Орус тилинде жазат.
1976-жылдан чыгармаларын жарыялай баштаган. 1983-жылы басылып чыккан «Мелодии арчи» деген поэтикалык жыйнагы 1985-жылы Бүткүлсоюздук A.M.Горький атындагы адабий сыйлыкка татыктуу болгон.
С.Күрүчбеков Т.Үмөталиевдин, О.Султановдун, А.Токтомушевдин ж.б. чыгармалары орус тилине которгон.
1986-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Орус тилинде

Ранний рассвет: Сборник. – М.: Молодая гвардия, 1980.

Мелодии арчи: Стихотворения и поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 51 б.

Вышивальщицы: Стихи, сборник стихов – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 104 б.

КОТОРМОЛОР

Уметалиев Т. Горные цветы: Стихотворения и поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 216 с.

Комар, Ласточка и Змея: Сказки. – Ф.: Мектеп, 1989. – 16 с.

Төштүк: Отрывки из киргизского народного эпоса. – Ф.: Адабият 1989. – 24 с.

Баялинов К. Ажар. – Ф.: ж. Литературный Киргизстан.