Күчүков Махмут Мамаевич [3. 3. 1945, Ысык-Көл облусу, Пржевальск (азыркы Каракол) шаары] — тарых илимдер доктору (2003). КРдин билим берүүгө Эмгектери сиң. кызматкери (2002). Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2001). 1974-ж. КМУну бүткөн. 1960—74-ж. Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы заводдо жумушчу, Пржевальск, Красная Речка автобазаларында айдоочу болуп иштеген. 1974-86-ж. КМУнун тарых факультетинде лаборант, окутуучу, доцент, 1986-91-ж. декан, 1991-93-ж. КМУда профсоюз ктинин төрагасы, 1993- 2000-ж. окуу иштери боюнча проректор, 1-проректор, 2006-08 -ж. КМДТИнин ректору, 2008-жылдан КУУда Үзгүлтүксүз билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борборунун директору. КР Жогорку Кеңешинин депутаты (2000-05). 40тан ашык илимий эмгектин (андан ичкери 2 монография) автору. Эмгектери: Становление Жогорку Кеңеша (парламента) 1990-2000 гг. Б.,2003.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү