Күүгүмдөгү сайбей (жап. た そ が れ 清 兵衛?,анг The Twilight Samurai, орус. Сумеречный самурай) - ошондой эле "Күүгүмдөгү самурай" деген ат менен да белгилүү болгон, 2002-ж. чыккан жапондук тарыхый драма, режиссеру жана сценарийдин авторлошу Йоджи Ямада. Башкы каармандарды Хироуки Санада жана Рие Миязавалар ойношкон. 19-к.орто ченинде, Жапон мамлекетиндеги Мэйжи Жаңыртуусунан бир нече жыл мурун, жергиликтүү бийлик өкүлүнө кызмат өтөп жаткан төмөнкү кызмат баскычында турган самурай Сайбей Игучи тууралуу баяндалат. Ал начар турса да, катуу муктаж болбогон, эч нерсеге карабастан кызы жана алжыган апасы менен бактылуу жашоону аркалап келген. Окуялардын терс өнүгүшү жайбаракат турмушту оор сыноолорго алмаштырып,анын жашоосунда кыйын кезең заман башталат.

"Күүгүмдөгү самурай" 76-"Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты чет тилдеги тасма" номинациясында ат салышып, бирок франкоканадалык (Квебек)"Варварлардын баскыны" тасмасына сыйлык уттуруп жиберип, 22 жыл ичинде жеңишке жетпей калган алгачыкы жапон тасмасы болуп калган. Ошондой эле "Күүгүмдөгү самурай" болуп көрбөгөндөй ийгилик жаратып, Жапон киноакадемиясынын 12 сыйлыгын утуп алган жана алардын ичинде "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер", "Эң мыкты актер", "Эң мыкты актриса" жана "Эң мыкты сценарий" сыяктуу баалуу номинацияларды камтыган.

Тасма Шухей Фужисавага таандык болгон "Бамбук кылыч" аңгемесинин негизинде тартылган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү