Көбөйүү – организмдердин өзүнө окшош муундарды жаратып, белгилер менен касиеттердин укумдан тукумга берилишин, тиричиликтин үзгүлтүксүз уланышын камсыз кылуучу касиети.

Көбөйүүнүн негизги үч түрү (жыныссыз, жыныстык жана вегетациялык) бар. Жыныссыз Көбөйүү татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө споралардын жардамы менен, жөнөкөйлөрдө жыныстык жактан жетилбеген клеткалардын ортосунан бөлүнүшү менен өөрчүйт. Вегетациялык Көбөйүүдө жаңы организм дененин көп клеткалардан турган бөлүгүнөн калыптанат. Ага көбүнчө көп клеткалуу организмдин, өзгөчө өсүмдүктүн Көбөйүүсү кирет. Жыныстык Көбөйүүдө көп клеткалуу организмдер мейоздук бөлүнүүнүн натыйжасында жыныстык клеткалар — гаметалар пайда болот да, алар кошулуп (уруктанып), зиготаны пайда кылат. Зигота өөрчүп, жаңы организмге айланат. Уруктанууда гаплоиддүү гаметалардын хромосомалары кошулуп, диплоиддүү клеткага айланып, тукум куугуч белгилер берилет. Уруктануунун 3 түрү (изогамия, анизогамия же гетерогамия жана оогамия) белгилүү. Изогамияда көлөмү, сырткы көрүнүшү боюнча бири биринен айырмаланбаган 2 гамета кошулат. Анизогамияда кошулган гаметалардын экөө тең кыймылдуу, бирок энелик гамета аталыкка караганда чоң болот. Оогамияда кыймылсыз энелик клетка менен кыймылдуу, майда аталык гаметалар — сперматозоиддер кошулат. Көбөйүү организмдердин жашоосунда бир гана же көп жолу болушу мүмкүндүк Бөлүнүү жолу менен Көбөйүүчү бир клеткалуу организмдер, бир, эки жылдык гүлдүү өсүмдүктөр — монокарптар, кээ бир балыктар өмүрүндө бир гана жолу көбөйүп, тукум берет. Ал эми башка организмдер, мисалы, жаныбарлар, көп жылдык өсүмдүктөр — поликарптарда Көбөйүү көп жолу кайталанат. Көбөйүүнүн жүрүшүнө чөйрө факторлору — темпретура, азык заттар, жарык чоң таасир тийгизет. Көбөйүүдөн пайда болгон тукумдун саны түрдүүчө, мисалы, пил 3—4 жылда бирди тууса, треска балыгы бир өрдөө маалында 10 млн, айрым балыктар 300 млнго жакын урук таштайт. Татаал түзүлүштүү жаныбардын жана адамдын Көбөйүүсүн нерв системасы жөнгө салат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү