Баш жана бут кийимдердин жакасынын, жеңинин, тегинин, багалегинин: талаасынын, кырбуусунун, кончунун жээгине, ошондой эле жууркан, төшөк, төр көрпө, көлдөлөң, кийиз күзгү кап, аяк кап, баштык, тердик ж.б. буюмдардын четине бастырылып тигилген башка түстөгү кездеме, таар, көрпө, кийиз. Көбөөнү кыйык деп да коет. Жасалган буюмга ылайыкталып айрым көбөөлөр атайын саймаланып, «ала мончоктолуп» да тигилет. Көрпө, териден жасалган буюм кечектер кездеме менен көбөөлөнөт. Элде: «Көбөө келсе көйкөлөт, жака келсе жайкалат» — деген кеп бар.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)