"Көздөрүндөгү сыр" (исп. El secreto de sus ojos, англ. The Secret in Their Eyes, орус. Тайна в его глазах) - 2009-жылы Хуан Хосе Кампанелла тарткан аргентина-испаниялык криминалдык драма. Хуан Хосе Кампанелла Эдуардо Сачеринин "Алардын көздөрүндөгү суроо" романынын негизинде автор менен биргелешип жазган. Тасма Аргентина жана испан компанияларынын биргелешип өндүргөн тасмасы болуп саналат.

Көздөрүндөгү сыр
Режиссеру Хуан Хосе Кампанеля
Продюсер
  • Хуан Хосе Кампанеля
  • Мариэла Безуевски
  • Каролина Урбиета
Жазуучу
  • Хуан Хосе Кампанеля
  • Эдуардо Сачери
Оператору Феликс Монти
Негизинде Алардын көздөрүндөгү суроо
автору: Эдуардо Сачери
Тартылгандар
Музыкасы
Редактору Хуан Хосе Кампанеля
Жайылтуучу
  • Distribution Company (Аргентина)
  • Alta Classics (Испания)
Чыккан жылы
  • 13 август 2009 (2009-08-13)
Узактыгы 129 мүн.[1]
Өлкөсү  Аргентина
 Испания
Тили Испан
Бюджети $2 млн
Киреше $34 млн[2]

Тасмада 1974-жылы зордуктап өлтүрүү ишинин үстүндө иштеген сот кызматкери жана сот (аткаргандар Рикардо Дарин жана Соледад Виллламил) жөнүндө окуя баяндалат. Окуя чиеленип отуруп, 25 жылдан кийин кайрадан козголот да, каармандар ортосунда сезим пайда болот. 82-Оскар аземинде "Эң мыкты чет тилдүү тасма" сыйлыгын алган жана мындан сырткары Голливуд жана Испания сыйлыктарына да татыган. Бул тасма "Расмий баян" аттуу тасма менен бирге Аргентинаны Латын Америка өлкөлөрүнүн ичинде эки жолу Оскар алган өлкөгө айланткан. Ошондой эле "Эң мыкты испан тилиндеги чет тасма" Гойя сыйлыгын алган. 2010-жылы тасма алдына Леонардо Фавионун 1975-жылкы классикалык "Назарено Круз жана карышкыр" тасмасын алдына өткөрүү менен Аргентинанын тарыхында эң көп киреше алып келген экинчи тасмага айланган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. EL SECRETO DE SUS OJOS – THE SECRET IN THEIR EYES (18). British Board of Film Classification (6 April 2010). Текшерилген күнү 4 -август (баш оона) 2015.
  2. The Secret in Their Eyes. Box Office Mojo. Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2010.