Көз карандысыздык – 1. Логикада жана математикада айрым теориянын (же тиешелүү эсептөө системасында анын туюндурган формула) жана анын берилген сүйлөмдөрдүн жыйындысынан тануусу (формулалардын конъюнкциясы).
Мисалы: берилген аксиомалар системасынан тануусу.

Көз карандысыздыкты далилдөө эрежелердин (формулалардын) эки системасынын: берилген система жана берилген эреже (формулалар) бир жагында, берилген системаны жана берилген эрежени (формулаларды) тануу экинчи жагында карама-каршылыксыздыкты (дал келишүүчүлүктү) далилдөөгө алып келет. Эгер аксиомалардын системасы дедуктивдүү болсо, андан келип чыкпаган аксиома иретинде кошулган эреже карама-каршылыкка алып келет. Сүйлөмдүн мазмунунда айтылышы жөнүндө сөз болсо, келип чыгуу интиутивдүү (логиканын мыйзамына ылайык) эсептөөлөрдө мындай мыйзамдардын иретинде ошондой эле көз каранды эмеске (баштапкыга) жана туундуга бөлүнгөн белгилүү эрежелердин корутундусу белгиленет. Жогоруда аныкталган дедуктивдүү көз карандысыздыка аналогиялуу ишемдик көз карандысыздык(Көз карандысыздык каражатты туюндурат): бул түшүнүктөрдүн жыйындысынан көз каранды эмес түшүнүк (термин) эгер ал аркылуу аныкталбаган болсо, (аныктамадан эрежелерди белгилөөдө көз карандысыздык туурасында суроо коюунун, мааниси бардыгына салыштырмалуу).

2. Саясатта элдин же өлкөнүн башка өлкөнүн же социалдык институттардын иделогиясынан, башкаруусунан, бийлигинен тыш өз алдынча саясат жүргүзүүсү.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8