Көз карандысыздык (саясий)

Көз карандысыздык (саясий) – бир өлкөнүн экинчи өлкөгө, социалдык институттарга баш ийбестиги, өз алдынчалыгы, эгемендүүлүгү. Көз карандысыздык коомдук саясат, бийлик, идеология, укук, маданият, экономика, социалдык жактан эркин болууну камтыйт. Көз карандысыздык. абстрактуу. эмес, салыштырмалуу түшүнүк, демократиялык (бүткүл элдик добуш берүү) же шайлоо аркылуу конституцияда бекитилет. Көз карандысыздык жөнүндөгү идея адегенде 15-кылымда Батыш Европада пайда болуп, кийин ал мамлекеттик жана эл аралык укуктук документтерде кеңири чагылдырылган. Анын эң башкысы 1966-ж. кабыл алынган жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык акт болуп саналат. Анда дүйнөдөгү ар бир улуттун эгемендүү укугу көрсөтүлүп, элдин өз эрки менен социалдык жана саясий түзүлүштү тандап алуу укугу бекемделген. Кыргыз Республикасынын Көз к арандысыздыкка ээ болуу процесси 1990-ж. 15декабрда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү» декларациясын кабыл алышы менен Кыргызстан жалпы союздук органдардын контролунан бошоп, бардык бийликти өз колуна алган [[Категория:элмурат

Колдонулган адабияттар түзөтүү