Көз травмалары — көздүн кырсыкка учурап майып болушу. Көздүн майып болушуна бир нерсенин тийиши, акиташ, кислота, жегичтердин, кычкыл заттардын жана кум, темирдин кыпынынын түшүшү жана башка себеп болот. Тийген нерсе көздүн өзүн же көз чарасын, же көз жапкагын майып кылат. Эгер травма жеңил болсо медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүдөн бир аз ооруп, көздөн жаш агып, кызарып жүрүп сакайып кетет.

Оор травмалар көрүүнү начарлатып, ал тургай сокурлукка алып келет. Кээде көз жарадар болгондо жаш чыгуучу түтүк кошо майып болушу мүмкүн. Мында түтүктүн үзүлүп кеткен жерин таап тигүү керек, болбосо көздөн жаш токтобой дайыма агып калат. Көз алмасынын сырткы кабыгы айрылып кеткен учурда ички кабыкчалары майып болгон жерге тыгылып, көздүн ичиндеги суюктукка кан таркап, темир, жез жана башкалардын учкуну көздүн тунук челин тешип кеткен учурлар да болот.Мындай учурда да хирургиялык жардам берүү зарыл. Операциядан кийин 6—-7 күн тынч жатуу зарыл.

Көз эң эле оор майып болсо (көздүн чечекейи, ички назик кабыкчалары ордунан козголуп калса), тез убакыттын ичинде кылдаттык менен хирургиялык жардам көрсөтүлбөсө, экинчи көзгө да доо кетет. Экинчи көз ооруп калбас үчүн жарадар болгон көздү алып таштоого туура келет.

Кислота, акиташ жана башка түшсө көздүн кабыкчалары күйүп калат. Мындай учурда мүмкүнчүлүк болушунча көпкө чейин муздак суу менен жууп, көз жапкагын аңтарып туруп былжыр кабыкчанын бетине жабышып калган акиташты сууланган кебез менен алып таштап, ар бир саат сайын 20%түү альбуцидди же тазартылган медициналык майды 1 — 2 тамчыдан тамчылатуу керек. Эгерде көзгө кайнак суу же оттун жалыны чачыраса суу менен жуубай туруп эле вазелин же чычырканактын майын тамчылаткан жакшы. Көзү күйгөн адамдарды жогорку айтылган жардамды көрсөткөндөн кийин ооруканага тез жеткирүү керек. Ооруканада көздүн күйгөн деңгээлине жараша кылдаттык менен дарылоо жүргүзүлөт.

Көз травмалар өндүрүштө иштегендерде көбүрөөк кезигет. Ошондуктан алдын алууда өндүрүштө коопсуздук эрежелерин так сактап, иштеген жерин таза кармап, атайын жеке коргонуу кийимдерин, көз айнек кийип иштөө талапка ылайык. Көздүн майып болушу өзгөчө балдар үчүн коркунучтуу. Балдарга учтуу оюнчуктар, буюмдар менен ойноого тыюу салуу керек. Эмчектеги балдардын тырмагын дайыма алып туруу зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8