КөйкапБорбордук Теңир-Тоодогу суу, Сарыжаздын сол куймасынын Узундугу 33 км, алабынын аянты 507 км2, деңиз деңгеели бийиктиги 3200 м.

Какшаал тоо тизмегиндеги Көйкап мөңгүсүнөн башталып, бадалдуу кууш капчыгай аркылуу агып, Сарыжазга куят. Алабы мөңгүлүү. Суу куралуу облусуна кирет. Негизинен мөңгү жана кар сууларынан куралат.

Ири куймалары: Сарытөр, Карагайлуу, Майбаш, Булантөр (оң). Жылдык орт. чыгымы 5 м3/сек; эң көбү июнь–июлда, эң азы январь–февралда. Атынын пайда болушу жөнүндө Көйкап тоосу макаласын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү