Көйкап өрөөнүБорбордук Теңир-Тоодо. Кайыңды жана Май-Баш тоолорунан Сары-Жаздын өрөөнүнө чейин чыгыштан батышка кеңдик боюнча 45 км аралыкка созулуп жатат. Ак-Суу районунда. Эң жазы жери 20 км, кууш жери 1ф2 км. Аянты 532 км2. Орточо бийиктиги 2930 м. Өрөөндүн таманы тепши сымал бир аз кеңейип, байыркы мөңгүлөрдүн издери сакталган эки айрыкка (түндүгүндө Теректи, түштүгүндө Май-Баш) бөлүнөт. Сары-Жаздан айрыкка чейинки бөлүгүнүн таманы 10 м, бийиктиги 30–35 м келген шаңшаар (каньон). Нуктун сол жээгинде – тектиринин үстүндө чоң, орто, чакан айдоо аңыздары бар. Теректинин тектиринде палеоген неоген тектеринен тургузулган күмбөз турат. Негизинен интрузия жана палеозойдун аягында пайда болгон чөкмө тоо тектерден түзүлгөн. Өрөөндүн аянтынын 72,4 км2ин мөңгү ээлейт. Өсүмдүктөрү жана топурагы бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Таманын кургак талаа (2000 мге чейин), андан жогору токой (карагат, карагай, арча ж. б.), шалбаалуу талаа (2000–2700 м бийикте), субальп (2700–2900 м), альп (2900– 3200 м) шалбаасы, гляциалдык-нивалдык (3100 мден жогору) ландшафт алкактары ээлейт. Негизинен кышкы жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү