Көйнөк - көбүнчө күрмө, кемсел сыяктуу сырт кийимдердин ичинен жылаңач денеге жана ич көйнөктүн сыртынан кий- илүүчү жалаң кат жеңил кийим. Көйнөк байыркы замандарда эле адам баласынын денесин ысык-сууктан коргоо максатында пайда болгон. Бара-бара гигиеналык жана эстетикалык маани алган. Тарыхый-экономикалык шарттардын таасири менен улам өзгөрүп жакшырып отурган. Азыркы заманда адамдын жынысына жана жашына, табият шартына жана жыл мезгилине, ар кыл жука кездемелерден албан түрдүү формада тигилген көйнөктөр бар. Көйнөктүн Европадан чыккан көп түрлөрү дүйнөдөгү элдердин, анын ичинде кыргыз элинин арасында да кеңири жайылган.

Илгери кыргызда эркектики да, аялдыкы да, баланыкы да жалпы жонунан көйнөк (Түштүк кыргыздардын айрым топторунда эркектердин көйнөгү «жегде» деп аталат) деп аталып, көчмөн турмуш шартына ылайык кең тигилген жана көбүнчө жылаңач этке эле кийилген. Эркек көйнөктүн кеңири таралган түрү «ачык көйнөк» деп аталган. Анын өңүрү, учасы, жеңи менен кошо бычылып, этеги жамбашка чейин түшүп турган, жакасыз жана тик жакалуу, бөйрөмчөлүү болгон. Аял көйнөк көбүнчө кенен, этеги согончокко барабар узун, жеңи да узун, жакасы тик тигилген. Кыз-келиндер жакасы кыйгачынан оюлуп, саймалуу сызма менен жээктелген көйнөк, ал эми жашамал аялдар жакасы тигинен, кээде кыйгачынан оюлган жана саймалуу сызма менен жээктелген, көкүрөгү бүчүлүк, топчу, төөнөгүч менен бүчүлөнүп, капталына чабуу (кыйык) салынып тигилген көйнөк кийишкен. 19-к. аягынан кыз-келиндер кош этек, тагыраак айтканда, көкүрөк жагы менен этек жагы эки бѳлѳк бычылып, бели, жеңинин учу, этеги (2-3 ирет) бүйрүлүп тигилген кѳйнѳк кие башташкан. 20-к. башынан тартып ийини кыйгач бычылып, жакасы кайырма, этеги кыска, көкүрөгү бүйүрмөлөнүп, жеңи ийнине ашталып тигилген кѳйнѳктѳр кеңири тарала баштаган. Кыз-келиндер көйнөгүнө кызыл-тазыл түс, жашы улгайгандардыкына күңүрт же ак түс мүнөздүү болгон. Улгайган аялдардын эскиче бычылып тигилген көйнөктөрү айыл-кыштакта азыр деле кийилет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү