Көкбазиндер (лат. Gentianaceae) – эки үлүштүүлөр классындагы өсүмдүктөрдүн тукуму. Көпчүлүгү бир, көп жылдык чөптөр. Сабактары түз өсөт. Жалбырагынын жээги тегиз, сабакка тегеректешип же тушташ өсөт. Гүлү сабактын учунда же жалбырак колтугунда бирден же топ гүлдү пайда кылып өсөт, түсү ак, сары, көк, кызгылт-көк. Алар эки жыныстуу, туура түзүлүштүү, 4-5 (6-12) мүчөлүү, үстүңкү энеликтүү. Мөмөсү – көп уруктуу кутуча. 70тен ашуун уруусунун түрлөрү Жердин мелүүн жана субтропик областтарынын тоолуу райондорунда кездешет. Кыргызстанда К. тукумунун 5 уруусуна кирген 27 түрү бөксө жана өтө бийик тоолордогу шалбааларда, нымдуу боздөңдөрдө, саздарда, булактын, суунун, көлдөрдүн жээктеринде өсүшөт. К. тукумунун бардык түрүндө ачуу гликозиддер бар, ошондуктан дары-дармек жасоодо кеңири колдонулат. Айрым түрлөрү гүлзарларда өстүрүлөт.

Gentiana acaulis.

Колдонулган адабияттар түзөтүү