Көкбулак тоосуАлай кырка тоосунун түндүк тармагы. Кичи Бүлөлү жана Эркеч сууларынын (Куршабдын оң куймалары) аралыгында түштүк-чыгыштан түндүк-батышка 22 кмге созулуп жатат. Туурасы 7 км. Орточо бийиктиги 3500–3700 м, эң бийик жери 4039 м. Кыры аска-зоокалуу, батышты карай жапыздайт; капталдары кыска жана тик, терең капчыгайлары бар. Тоо силур-девондун базальттуу порфирит, диабаз, туф, кумдук жана сланец тектеринен турат. Шалбаалуу субальп жана альп талаа (3100–3700 м бийиктикке чейин) ландшафты басымдуу. Бийик бөлүгүндө гляциалдык-нивалдык ландшафт кездешет. Жайкы жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү