Көксай мөңгүсү
(«Көксай, мөңгүсү» барагынан багытталды)
Көксай мөңгүсү — Тескей Алатоонун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Аксай суусунун алабындажайгашкан. Уз. 4,9 км, аянты 5,6 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 3760 м, этеги 3310 м бийиктикте жатат. Абляция облусунун аянты 2,4 км2. Мөңгү жазы төрдөн башталат. Бети тегиз, тоо тектердин сыныктары көп. Этегинен 150–200м төмөнкийин пайда болгон каптал мореналаржатат. Батыш тарабында жаткан мөңгү мурда К. мөңүнүн бир тармагы болгон. Мөңгүдөн Аксай суусунун сол курамы Көксайбашталат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2
Интернеттеги айрым шилтемелер
түзөтүүКөксай мөңгүсү Archived 2016-03-04 at the Wayback Machine