Көкөбаев Базаралы (1935-ж. т., Талас облусу, Талас району, Ак-Сай кыштагы) — малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958). 1950-жылдан Талас районундагы Манас колхозунун баш чабаны болуп иштеп, 1956-ж. ар бир ириктен 3,7 кг, 1957-ж. 4,5 кг жүн кыркып алып, 1958-ж. ар ирикти 75 кг салмакта мамлекетке өткөргөн. 1961—75-жылдары ферма башчысы, 1975—87-жылдары бригадир, кайрадан ферма башчысы. 1988-жылдан ардактуу эс алууда. 1959—63-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү