Көкөнов Шарип (1884–1951, Ысык-Ата району) – драматург. Жаш кезинде эле оозго алынып калган. Көкөнов кийин окууну бүтүп келгенден баштап жаңы турмуштун жетишкен ар бир жеңишин эргүү менен кабыл алып, жан-дили менен берилип иштеп, телчигип келе жаткан адабияттын ар тармактуу жүгүн аркалаган.

1925–1926 ж. биринчи гезитибиз “Эркин Тоого” жооптуу редактор болуп иштеген. Ошол учурда 1925 ж. бугу айынын 5-күнү тиркеме түрүндө “Мына, Тоо жаштары” деген гезит эрктүү кыргыз облустук жаштар комитетинин тили болуп, чыгып биринчи ирет чыгып отурат” – деп баштап, ак жол каалап чыгарган. Улуттук кыргыз театры үчүн Көкөнов бир топ үзүрлүү кызмат өтөгөн. Тайманбай бетке айтып, кемчиликти көрсөтө жазган макалалары байма-бай жарыяланып турган. “Театр тууралуу” деген бир эле макаласын алып көрөлү: ... биз көрүп жүрөбүз “Ирвизор” (орус. “Ревизор”) менен “Метечди” (орус. “Мятежи”) көргөндө театрдын жасалгасы бүт чыгат , аларга табылган жасалга кыргыз турмушунан жазылган китептерге (пьесаларга) эмне табылбайт?” – деп көңүлкош мамиле болуп жаткандыгын айтат. Айтылуу “Академия кечесинде” “Ак Мөөр” пьесасы коюлган Көкөнов ошол “Академия кечесинин” ишке ашышына түздөн түз киришип, программасын түзүп чыккан. (Ш. Көкөнов. “КМУ театрындагы жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттери”. 1932. №7.).

Бул программадан биз “Академия кечесинде” ойнолгон оюндардын үч кечеге бөлүнүшүнөн баштап, музыкасына чейин такталгандыгын, ошондой эле элдин көркөм көкркөм өнөр болгон кызыгуусун арттырып, элдин мүдөөсүн калыптандыруучу адистердин даярдалып чыгышына кам көргөндүгүн көрөбүз. “Академия кечесинин” чыгышы шылтоо болуп, Көкөнов да “улутчул, байчыл, эски турмушту көксөйт” дегендей жалаалар менен жана дагы “Эркин Тоо” гезитине редактор болуп иштеп турган кезинде С. Карач уулунун, Б. Кененсариндин, Б. Калпак уулунун чыгармаларынын жарык көрүп кеткендиги үчүн да айыпталган. Жүрөктүн үшүн алган “бай-манапчыл” деген жалаа менен камалган, Көкөнов 1937-ж. репрессияланып каза болгон. Аздыр-көптүр эмгегинин акыбети кайтпай “унутулуп” кеткен. Ден соолугунан ажырап түрмөдөн чыккан Көкөнов өзү да тагдырына моюн сунуп, адабияттан алыстап кеткен.

Көкөнов жаңы турмуштун ийгиликтерин даңктаган аңгемелери менен кошо орус элинин адабиятына да ынтаасын коюп, адепки жөрөлгөсүн балдар үчүн арнагандыгын анын которуусунда жарык көргөн А. Серафимовичтин “Чымчык үнү”, Л. Толстойдун “Филиппок”, К. Лебедевдин “Биринчи калык”, Куприндин “Жер астында” деген китепчелеринен көрөбүз.

Көкөновтун котормолорунун өзүнчө бир кайталангыс жүзү бар экендигин байкоого болот. Балдардын жан-дүйнөсүнө ылайыктаганбы, же жаңыдан кат-сабаты жоюлуп, тамтуң баскан баладай тумсак балдарга түшүнүктүү болсун дегенби, айтор, аңгемедеги каармандардын аттарын да накта кыргызчалатып берген. Ал өз учурунда кыргыз элинин маданияты, көркөм өнөрү үчүн кызмат өтөп, адабияттын ар тармактуу жүгүн аркалап келген.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004