Көкөтөй Өмүрбек уулу (1849, Нарын району, Миң-Булак айылы — 1916, үркүндө жолдо каза болуп, сөөгү Тарагай тараптагы Боз-Жалпак—Май-Дөбө деген жерге коюлган) — чечен, санжырачы.
Тынымсейит элинин жаманак уруусунан. Кичинесинен эле баамчыл, сезгич, куйма кулак, кепке ынак болуп өскөн. Барчын буркут кабактуу, бала жолборс жүрөктүү болуп, эл намысын коргогон, кызыл тилдүүдөн алдына киши салбаган. Көкөтөй өз мезгилинде кыргыздын акылман ойчулу, өз оюндагысын тартынбай бетке айткан, чукугандай сөз тапкан, сынчы, сүрөткөр, жармачка жардамдашкан боорукер инсан болгон. Ал алдамчы, ач көз паракор, жемекей зулумдарды, кошоматчы куйту кууларды өзүнүн куйкумдуу курч сөздөрү менен куйкалап, былыгын чукуп турган.
Көкөтөгө учурунда айтылуу Арстанбек баа берген, Ысмайыл Борончиев жогору баалаган. А. Тыныбеков, Т. Сыдыкбековдор анын акылман, нуска, насыят, таамай, чечен сөздөрүн көркөм деп чыгарма, Мукаш Найманбай уулу тарыхый радио пьеса жазган.

Адабият

түзөтүү
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.